Кытай Эрдоганды да чакырды
Цзиньпин саммитке президент Режеп Тайип Эрдоганды да чакырды
![Кытай Эрдоганды да чакырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3a66/5f32/2800/58b5207b10f81.jpg?time=1719220885)
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин «Заманбап Жибек Жолу» долбоорун ишке ашыруу үчүн 14-15-майда борбор шаар Пекинде 65 өлкөнүн лидерлери менен саммит өткөрөт.
Цзиньпин саммитке президент Режеп Тайип Эрдоганды да чакырды.
Президент Си, тарыхый Жибек жолунун эң негизги багыттарынан бири болгон жана ортоңку коридор деп аталган Түркияга да чакыруусун «Бир Муун, Бир Жол» долбоорунун алкагында жөнөттү.
Түркия акыркы мезгилде Кытай менен жакын кызматташуу саясатын жүргүзүүдө.
Кытай менен ракеталык коргонуу системасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгү да күн тартипке коюлган болчу.
Тектеш кабарлар
![Израилдин Газага карата абадан кол салууусу](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/0ef0/c0b6/6719/667914d696444.jpg?time=1719220885)
Израилдин Газага карата абадан кол салууусу
Кол салууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери 2 палестиналык каза болду.