Орус армиясынын маалыматтык согуш тобу барбы?

Коргоо министри Сергей Шойгунун билдирүүсү

679513
Орус армиясынын маалыматтык согуш тобу барбы?

Орус армиясы маалыматтык согуштар үчүн атайын тобу бар экенин биринчи жолу кабыл алды.

Коргоо министри Сергей Шойгу шаршемби күнкү билдирүүсүндө, аты аталган топтун пропаганда кылганын билдирди, бирок кайсы өлкө же уюмдардын бутага алынгандыгы жөнүндө маалымат берген жок.

Билдирүү батыштык мамлекеттердин Орусияны кибердик чабуулдар менен күнөөлөшүнөн кийин айтылды.

АКШда 8-ноябрдагы президенттик шайлоону Дональд Трапмтын жеңүүсүндө орусиянын кибердик чабуулдарынын чоң роль ойногондугу сөз кылынган эле.

Европанын чалгындоо кызматтары да Москваны Европадагы өкмөттөрдү туруксуздаштырууга жана шайлоолорду кибердик кол салуулар жана жалган маалыматтар менен бурмалоого аракет кылып жатат деп күнөөлөдө.

Орусия болсо башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишүү жөнүндөгү айтымдарды четке какты.



Тектеш кабарлар