АКШ Орусияга киргизген санкцияларын жойбойт

Орусия Крымдан чыгып кетиши керек

668699
АКШ Орусияга киргизген санкцияларын жойбойт

АКШ Орусия Крымдан чыгып кетмейинче өлкөгө киргизилген санкцияларды жоюуну пландабаганын билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер күнүмдүк маалымат жыйынында бир суроо боюнча Орусиянын Крымды басып алышынын себебинен киргизилген санкциялардын жоюлушунун сөз болбогонун белгиледи.

Спайсер: «Биз эки багытта санкцияларды киргиздик. Биринчиси Крымдын себебинен киргизилген санкциялар. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү бул туурасында БУУда өтө так сөздөрдү айтты жана Орусия Крымдан чыгып кетмейинче санкциялардын жоюлбай турганын баса белгиледи»,- деди.

Бир тараптан Спайсер санкциялардын бир гана Конгресстин макулдугу менен жоюлушун көздөгөн мыйзам долбооруна байланыштуу маалымат берүүдөн алыс болду.



Тектеш кабарлар