Лавалар океанга төгүлдү

Күйгүзүүчү жана коркунучтуу

664911
Лавалар океанга төгүлдү

Гаваи аралындагы Килауэа жанар тоосунан атырылган лавалар океанга төгүлдү. Ортого оттон шаркыратма сыяктуу көрүнүш чыкты.
Жанар тоо жарылып кратерден атырылган лавалар кызыл дарыя сыяктуу акты. Лавалар жер бетине чыкканда  бети муздап катуулашса да астындагы катмар бир дарыя сыяктуу океанга карай  алдыга жылууда.

Бул сырдуу жүргүнчүлүктүн акырында лавалар океандын сууларына кошулду. Муздак менен ысык аралашканда аскаларда кайрадан жарылуулар болду. Килауэадан чыккан лавалар узун бир жолдон кийин деңизге кошулат. Бул да дүйнөнүн эң узун лава агымы экендиги билинүүдө...

Теңдеши аз кездешкен бул табигый кубулуш аймакка барган туристтер тарабынан да камерага тартылды. Килауэа тоосу Тынч океандын ортосунда Гаваи жанар тоолор улуттук паркынын ичинде орун алууда. 4 миң 91 метр бийиктиктеги Килауэа дүйнөнүн эң активдүү жанар тоолорунун бирөөсү.



Тектеш кабарлар