ПЙД жарандарга кол салууда
ПЙД террористтеринин Жераблустан Шиюк айылына кайтып бараткан жарандарга ок атышынын себебинен 7 киши каза болду.
Сирияда ПЙД террористтеринин Жераблустан Шиюк айылына кайтып бараткан жарандарга ок атышынын себебинен 7 киши каза болду, 3 киши жараланды.
Эвфрат дарыясынын чыгышындагы Шиюк айылы жана айланасын террор уюму ДЕАШтан коргоо шылтоосу менен ПЙД террористтеринин аймакка жайгашуусунан кийин 10 миңдей араб тектүү сириялык Жераблуска көчкөн.
Сириялык жарандар террор уюму ДЕАШ коркунучунунун жоюлганы боюнча социалдык медиа аркылуу кыймыл аракетке өтүп айылдарына кайтууну каалашты.
Уюмдашкан жана арасында аял жана балдар да болгон 100 чакты шиюктук мындан мурда ПЙД тарабынан өрттөлгөн Евфрат дарыясындагы Шиюк көпүрөсүн көздөй баратышты.
Эркин Сирия армиясы жана Түркия желектерин көтөргөн айылдыктарга Ан Насириях аймагындагы ПЙД террористтери тарабынан алыс аралыкка атуучу курал менен ок атылып 7 киши каза болду, 3 киши жаракат алды.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.