АКШ Ел Бабда Түркияны колдоодо

Джон Дорриан коалициянын Сирияда Ел Баб жакындарында Түркияга колдоо берүү үчүн чалгындоо учуулары жана абадан кол салуу жасай баштагандыгын билдирди

654160
АКШ Ел Бабда Түркияны колдоодо

 АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалициянын катчысы полковник Джон Дорриан коалициянын Сирияда Ел Баб жакындарында Түркияга колдоо берүү үчүн чалгындоо учуулары жана абадан кол салуу жасай баштагандыгын билдирди.

Полковник  Джон Дорриан Ирактын борбор шаары Багдаттан телеконференция ыкмасы менен байланышкан АКШнын коргоо министрлигинде Ирак жана Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу суроолорго жооп берди. Коалициянын Сирияда Түркия менен координация жана сүйлөшүүлөрдү уланткандыгын белгилеген Дорриан : «Акыркы учурларда Түркияга жана Ел Баб жакындарында колдошкон күчтөргө жардам берүү максатында бир топ учууларды ишке ашырдык. Ел Баб жакындарындагы буталарга абадан кол сала баштадык. Бул кол салуулар шаарга жакын душман күчтөрүнүн  элементтерин жок кылды»,- деди.

Полковник Дорриан коалициянын ДЕАШка каршы Түркия менен мүмкүн болушунча дагы көп фронтто бирдикте иштегенге, түрк жана Америка аскердик жетекчилеринин орток борборлордон координация  түзүүнү улантарын билдирди.



Тектеш кабарлар