Израиль Дамасктагы аскердик аэропортту атты
Дамасктагы Меззех аскердик аэропортунун Израиль реактивдери тарабынан атылгандыгы жарыяланды
Израиль Сириянын борбор шаары Дамасктагы аскердик аэропортту атты. Сирия армиясы Дамасктагы Меззех аскердик аэропортунун Израиль реактивдери тарабынан атылгандыгын жарыялады.
Сирия расмий кабар агенттиги САНА эң көп Республикалык гвардиячылар бөлүгү тарабынан колдонулган, аскердик мааниге ээ аэропорттун Дамасктын көтөрүлүшчүлөр тарабынан текшерүүгө алынган аймактардан атылган ракеталар менен бутага алынгандыгын билдирди.
Андан кийинки кабарларда абадан кол салуунун Израиль армиясы тарабынан ишке ашырылгандыгы билдирилди. Сирия армиясы да Израиль кол салуусун аныктады. Израиль тарабынан кол салуу тууралуу азырынча маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.