Турриальба вулканы жанданды
Борбор шаарда учак каттамдары токтоп калды.
649574
Коста-Рикадагы Турриальба вулканы жанданды.
Жанар тоодон бүркүгөн күл жана түтүн 50 километрдик аянтка жайылды.
Борбор шаар Сан-Хосеге таасирин тийгизген кара түтүн, шаардагы аэропортко чейин жетти.
Борбор шаарга келген жана бул жерден уча турган учактардын каттамдары токтоп калды.
Жүргүнчүлөр аэропортто бушайман болушту.