Трамп көптөн бери күтүлгөн маалымат жыйынын өткөрдү

Жыйында ар дайым болгонундай Дональд Трамп, бюрократия жана саясатчылыктан алыс болуп, ойлогондорун ачык айтып берди.

649786
Трамп көптөн бери күтүлгөн маалымат жыйынын өткөрдү

Америка Кошмо Штаттарында 20-январда Барак Обамадан президенттик кызматын өткөрүп ала турган Дональд Трамп, көптөн бери күтүлгөн маалымат жыйынын өткөрдү.

Жыйында ар дайым болгонундай Дональд Трамп, бюрократия жана саясатчылыктан алыс болуп, ойлогондорун ачык айтып берди.

Булардын башында террор уюму ДЕАШтын АКШнын учурдагы башкаруучулугу тарабынан түзүлгөнүн кайталоосу турду.

Трамптын Американын шайлоосуна Орусиянын кийлигишкенине байланыштуу сөздөрүнүн башталышы жаңы эмес, бирок уландысы көңүл буруучу болду.

Орусиянын АКШнын президенттик шайлоосуна кибердик чабуул менен кийлигишкенин бирок шайлоо жыйынтыгына таасири болбогонун белгилеген Трамп, чындыгында Кытай жана башка өлкөлөрдөн келген кибердик чабуулдарга каралышы керектигин, өз мезгилинде бул өлкөлөрдүн бардыгынын АКШны урматтай турганын айтты.

Трамп журналисттердин көбүнчө Орусия тууралуу суроолорду узатканы боюнча орус иш дүйнөсү менен эми келишими болбогонун баса белгиледи.

Трамптын Орусиянын өзү тууралуу жашыруун маалыматтарга ээ болгону жөнүндөгү кабарлары менен Америка Конгрессинде талаш туудурган CNNдин кабарчысы менен диалогго кириши залда чыңалууну арттырды.

Трамп кабарчынын суроо сурашына уруксат бербегени сыяктуу эле аны жалган кабар агенти болгону менен күнөөлөдү.

Тышкы саясат темасында АКШнын түштүк коңшусу Мексикага байланыштуу маалымат берген Трамп: «Мексика чек арасына дубалды тез арада курабыз. Мексика өкмөтү менен сүйлөшүп абалды узартуу ниетим жок. Курулуштун акчасын Мексика төлөйт»,-деди.

Трамптын ички саясатта бутасы саламаттык сактоо системасы жана Обама бийлиги болду. Кудум эле балакет деп мүнөздөгөн "Obacareды" алмаштыра турганын баса белгилеген Трамп, дары-дармек секторуна байланыштуу сунуш жана бааларда кайрадан түзөтүү кыла турганын жана инвестициясын АКШнын тышында кылган Американын дары фирмаларына да чоң бажы салыгын киргизе тургандарын айтты. Бул сөздөрдөн көп өтпөй эле Американын дары-дармек фирмаларынын акцияларында чукул төмөндөө көрүндү.

Басма сөз жыйыны адаттагыдан башкача болду. Бир жолу Трамптын адвокаты Шери Диллон трибунага чыгып, Трамптын фирмалары менен байланышын жойгонун айтты жана «Бирок эч ким Трамп фирмалар тобунун жабылышын күтпөсүн»,-деп кошумчалады.

Дональд Трамп да фирмалар менен байланышы калбаганын жарыялады. Трамп, «Эки уулум фирмаларымды профессионалдуу түрдө башкарат жана алар менен эч кандай байланышым болбойт. Бул өлкөдө эбегейсиз иштерди кылабыз»,-деди.

Темалар жана суроолор тереңдей баштаганда Дональд Трамп: «Ушунча жетиштүү»,-деп айтып маалымат жыйынына чекит койду.



Тектеш кабарлар