Террордук уюмдарды француз аскерлери машыктырып жатат

Француз аскерлери террористтерге колдоо көрсөтүүдө

649247
Террордук уюмдарды француз аскерлери машыктырып жатат

Жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнин куралдуу канаты ЙПГ жана анын карамагындагы Демократ Сирия күчтөрүн француз аскерлеринин машыктырып жаткандары айтылууда.

Ирактагы Эрбил борбордуу BasNewsтин айтымына караганда 100 француз аскери кеңешчилик жана машыктыруу максатында ЙПГнин карамагында Ракка операциясына даярдалууда.

Франция аскерлеринин коалиция күчтөрүнө көз каранды болуп ЙПГ/ДСГге аскердик кеңешчилик, операция планы жана абадан операцияларында коалиция темасында колдоо көрсөткөнү аныкталды.

Француз аскерлеринин чоң бөлүгүнүн Айн эл-Араптагы (Кобани) Американын аскердик базасына жайгашкандары белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар