АКШнын ПЙДни террордук уюм катары кабыл алган документ ортого чыкты

Уюмга бардык жардамды да берген АКШ ПЙД/ПККнын эң чоң курал берүүчүсү болду

647206
АКШнын ПЙДни террордук уюм катары кабыл алган документ ортого чыкты

АКШнын Сирияда союздаш катары көргөн ПЙДни өткөн күндө негизги бир НАТО документинде расмий түрдө «террордук уюм» деп кабыл алгандыгы ортого чыкты.

НАТО булактарынан алынган маалыматка караганда АКШ жана НАТО мүчөсү өлкөлөрдүн кошулушу менен 2013 -  жылы июнь айында НАТО штабы жайгашкан Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТО стратегиялык чалгындоо документтери боюнча иштер аткарылды.

Эмгектердин акырында ортого чыккан документте Түркиянын демилгелери менен ПЙД/ЙПГ жана КЖК менен ПКК «террордук уюм» катары орун алды. АКШ бул документти кабыл алуу менен расмий түрдө бекитти.

Сыр сыяктуу жашырылган НАТО стратегиялык чалгындоо документине караганда Вашингтон ПЙД/ЙПГни үч жарым жылдан бери «террорист» катары көрүүдө. Бирок  уюмга бардык жардамды да берген АКШ ПЙД/ПККнын эң чоң курал берүүчүсү болду.

Адистердин оюна караганда мындай документке кол койгон АКШнын бүгүн Сирияда ПЙД/ЙПГге согуштук курал жана материалдарды бериши олуттуу ишеним маселеси болууда. Адистер  : «Бул картина бүгүн алдыбызга конъюнктуралык  кызыкчылыктар үчүн өзүн танган АКШнын ортого чыккандыгын көрсөтүүдө»,- деп айтышууда.

Президент Р. Т. Эрдоган да НАТОго караштуу Террорго каршы коргонуу борборунун жылдык журналындагы макалада ПКК – ПЙД карым – катнашынын ортого салынгандыгын белгилеген болчу.



Тектеш кабарлар