Ирандан Астана процессине колдоо

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт

645504
Ирандан Астана процессине колдоо

Иран Парламентинин тышкы иштер жана эл аралык коопсуздук боюнча төрагасы Аладдин Бороужерди Казакстандын борбору Астанада ушул айда өткөрүлүшү пландалган Сирия сүйлөшүүлөрүн колдогондорун билдирди.

Ирандык төрага Сириянын борбору Дамаскка эки күндүк сапары убагында маалымат жыйын өткөрдү.

Аладдин жыйында Сирия режимин Халебди кайра алганынан улам куттуктаганын белгиледи.

Сирия кризиси үчүн Казакстандын борбору Астанада чогула турган болушун ыраазычылык менен кабыл алгандарын белгилеген дипломат, ошондой болсо деле абалдын белгисиз бойдон турганын айтты.

Буга чейин да көптөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрү болгонун баса белгилеген Аладдин Бороужерди, 6 жылдык согуштан кийин келишим түзүүнүн оңой эмес экенин билдирди.



Тектеш кабарлар