Германияда террордук кол салууну пландаган адам кармалды

Ал адам кол салууларды ишке ашыруу максатында террордук уюм ДЕАШ менен байланыш курган

643131
Германияда террордук кол салууну пландаган адам кармалды

Германияда террордук кол салууну пландаган сириялык кармалды.

Шектүүнүн кол салууларды ишке ашыруу максатында террордук уюм ДЕАШ менен байланыш курганы сөз кылынды.

Саарбрюккен прокурордугунун билдирүүсүндө, аты аталган адамдын террордук уюмдан 180 миң евро сураганы белгиленди.

Анын бул акча менен унааларды сатып алууну жана буларды жарылуучу заттар менен толтуруп калың элдин арасына айдап кирүүнү пландаганы менен күнөөлөнүп жатканы белгиленген билдирүүдө, бул туурасында шектүүнүн уюлдук телефонундагы СМСтердин аныкталганы билдирилди.

Германияга 2014-жылдын декабрь айында барган шектүү болсо, террордук уюм ДЕАШ менен байланыш курганын мойнуна алды, бирок террордук кол салууну пландаганы жөнүндөгү күнөөлөөлөрдү четке какты.



Тектеш кабарлар