Орусияда учак кырсыгы

Учактагы 92 кишиден кутулган болгон жок

637694
Орусияда учак кырсыгы

Орусиянын коргоо министрлигине таандык 92 кишини ташыган Tu-154 моделиндеги учак кечээ Сочиден учкандан кийин Кара деңизге түштү.

Орусиянын коргоо министрлиги учактагы жүргүнчү жана экипаж болуп 92 кишиден кутулгандардын болбогондугун билдирди. Орусияда бүгүн улуттук аза күтүү жарыяланды.

Президент Р. Т. Эрдоган президент Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, учак кырсыгынан улам көңүл айтты.

Учакта жүргүнчүлөрдүн арасында аскерлер, журналисттер, эл аралык жардам мекемесинин кызматкерлери менен бирге дүйнөгө белгилүү Кызыл Армия хорунун 64 музыканты да бар эле. Музыканттардын Сириянын Латакия шаарындагы орус базасы Химеймимдеги жаңы жылдык концертке катышары билдирилди.

Офицер жана аскерлери, солист, хор, оркестр жана бий топторунан турган Кызыл Армия хору  көптөгөн өлкөдө концерт берүүдө.

Хор Түркия программаларында аткарган түркчө ырлар менен да абдан жактырылган.

Учак Сириянын Латакия  шаарындагы орус Химеймим базасына баруу үчүн учкан. Кыска убакыттан кийин учак менен байланыш үзүлгөн жана учкандан 20 минутадан кийин радардан жоголуп кеткен.

Изилдөөлөрдөн кийин жээкке жакын жерлерде учакка таандык бөлүкчөлөр табылды, аймакка барган топтор каза болгондордун бир канчасынын жансыз денесин табышты. Жетекчилер 84 жүргүнчү жана 8 экипаж болгон учактын урандыларынын  жээктен бир жарым километр алыста, 70 метр тереңдикте экендигин билдиришти. Учактын кырсыкка учурашына пилоттун жаңылыштыгы же техникалык бузуктуктун себеп болушу мүмкүн экендиги белгиленди. Кырсыктын учак жогорулап бара жатканда болгондугу жана экипаждын чукул абал белгисин бербегендиги билдирилди.

Кырсык тууралуу премьер – министр Бинали Йылдырым орус аскердик учагынын кырсыкка учурашы менен Орусиянын премьер – министри Дмитрий Медведевге өкмөттүн көңүл айткандыгын жана тилектештигин билирди.

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык да Орусиянын коргоо минисри Сергей Шойгуга көңүл айтты жана «Сочиден учкан Орусия федерациясынын коргоо министрлигине таандык TU-154 моделиндеги аскердик жүк ташуучу учактын Кара деңизде орус изилдөө – куткаруу аянтынын ичиндеги жерге түшкөндүгүн жана учактагы экипаж менен жүргүнчүлөрдүн каза болушунан кайгылуумун. Бул бактысыз кырсыкта каза болгондордун үй – бүлөлөрү менен бардык орус калкына көңүл айтам»,- деди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хүсейин Мүфтүоглу да  учак кырсыгынан улам Орусияга көңүл айтты.



Тектеш кабарлар