Путиндин кол салуу боюнча айткандары

Путин: «Мунун жалгыз бир жообу болушу мүмкүн; Терроризм менен күрөшүүнү күчтөндүрүү»

633907
Путиндин кол салуу боюнча айткандары

Орусиянын президенти Владимир Путин, Орусиянын элчиси Андрей Карловго болгон кол салууга бериле турган эң сонун жооптун терроризмге каршы күрөштү күчтөндүрүү экендигин айтты.

Элчи дуушар болгон кол салуудан кийин тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коопсуздук боюнча адистери менен жолуккан Владимир Путин, андан кийин маалымат берди.

«Карловдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн» белгилеген орус лидери, кол салуунун Түркия менен карым-катнаштарды жана Сирияда чечим табууну бузууга карай так бир чагымчылык болгонун айтты.

Путин: «Мунун жалгыз бир жообу болушу мүмкүн; Терроризм менен күрөшүүнү күчтөндүрүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар