Сирияда согуш башталгандан бери 700дөн ашуун саламаттыкты сактоо кызматкери өлтүрүлдү

Дүйнө дарыгерлери уюмунун мүчөлөрү Алеппо шаарындагы кол салууларга каршы чыгышты

627124
Сирияда согуш башталгандан бери 700дөн ашуун саламаттыкты сактоо кызматкери өлтүрүлдү

Борбору Франциянын борбор шаары Париж болгон Дүйнө Дарыгерлери Уюмунун мүчөлөрү Асад режиминин Сириянын Алеппо шаарындагы жарандарга карата кол салууларына каршы чыкты. 

Трокадеро аятындагы каршы чыгууларга көп сандаган дарыгер, мед айым жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышты. Берген алдыңкылыктары менен митингге катышкан саламаттык сактоо кызматкерлери Алепподо өзгөчө оорукана жана диспансерлерге жасалган кол салууларга каршы ураандар менен жүрүштү. Митингге чыккандар гуманитардык жардамдардын шаарга жеткирилишин суранды.

Дүйнө Дарыгерлери Уюмунан берилген маалыматта жарандык согуштун башталышынан бери Сирияда 700дөн ашуун саламаттык сактоо кызматкерлеринин өлтүрүлгөндүгү белгиленди. Бир тараптан Франция парламенти террордук уюм ДЕАШтын Ирак жана Сирияда диний азчылктарга карата кыргын кылгандыгын жактаган чечим долбоорун кабыл алды.



Тектеш кабарлар