Алеппо үчүн орток билдирүү

«Көз алдыбызда адамзаттык апаат болуп жатат»

625979
Алеппо үчүн орток билдирүү

«Көз алдыбызда адамзаттык апаат болуп жатат»

Бул сөз АКШ, Канада, Франция, Германия, Италия жана Англия лидерлеринин  Сириянын Алеппо шаарындагы абалга байланыштуу жарыялаган орток билдирүүсүндө орун алган.

Ак үй тарабынан жазуу түрүндө берилген маалыматта Орусия менен Иран тарабынан колдоого алынган Сирия режиминин кол салууларынын шаардагы абалды бир апаатка айландыргандыгы белгиленип : «Ыйлап жаткан балдардын көрүнүштөрү жүрөк сыздатат»,- деп айтылды.

Аймакка бериле турган гуманитардык жардамдардын  Асад режими жана Орусия тарабынан бөгөттөлгөндүгү белгиленген маалыматта : «Жарандарды жана ооруканаларды баррель  бомбалары жана химиялык куралдар менен бутага алган Сирия режиминин кол салууларын айыптайбыз»,- деп жазылды.

Алепподо чукул түрдө ок атууларды токтотууга муктаждыктын бар экендигин баса белгилеген лидердер БУУнун сириялык оппозициячылдар тарабынан кабыл алынган сунуштарга Асад режиминин да жашыл жарык жагуусу кереткигин баса белгилешти.

Орток билдирүүдө саясий чечүүчү жолго жакындабаган Асад режиминин «согуш кылмыштарынын» иликтенери жана Сирия режиминин атынан иш аткарган киши жана мекемелерге кошумча чаралардын көрүлөрү да белгиленди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде мурунку күнү «Алепподо ок атууларды токотуу» боюнча добуш берүүдө Орусия менен Кытай кабыл албастан долбоорду вето кылышкан. Жергиликтүү булактар Сирияда Асад режими жана Иран колдогон шиит куралдуу күчтөрүнүн катуу кол салуусу астындагы Чыгыш Алепподо 15 – ноябрдан бери каза болгон жарандардын саны 845ке жеткендиги билдирилген болчу.



Тектеш кабарлар