Франсуа Олланд кайра талапкер болбойт

Франсуа Олланд келерки жылы боло турган президенттик шайлоо үчүн талапкер болбой тургандыгын билдирди

622469
Франсуа Олланд кайра талапкер болбойт

Франциянын президенти Франсуа Олланд келерки жылы боло турган президенттик шайлоо үчүн талапкер болбой тургандыгын билдирди.

Олланд телекөрсөтүү каналдарынан түз эфирден берилген улутка кайрылуу сөзүндө акыркы төрт жарым жылдан бери өлкөсүнүн кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн иштегендигин айтты. Өлкөсүнүн муктаждыктарын жеке кызыкчылктарынын алдына чыгаргандыгын баса белгилеген Олланд : «Экинчи мезгил үчүн талапкер болбоймун,- деди.

Олланд Франциянын коргоочу саясаттарды жүргүзбөшү керектигин белгилеп, Улуттук фронт партиясынын лидери Марин Ле Пен лидерлигиндеги ашыкча оңчул партиянын жогорулашына да көңүлдөрдү бурду.

Олланд талапкер болбой тургандыгын билдирүүсү менен премьер – министр Мануэль Вальстын Социалист партиясынын президенттике талапкер болуу мүмкүнчүлүгүнүн арткандыгы белгиленүүдө.

Франциядагы эки турдуу президенттик шайлоо 2017 -  жылдын 23 -  апрель менен 7 -  май күндөрү өткөрүлөт. Шайлоонун эң күчтүү талапкерлери катары борбордук оңчулдардын талапкери Филлон жана ашыкча оңчул Улуттук фронт партиясынын лидери Марин Ле Пен көрсөтүлүүдө. Бийликтеги Социалист партияга болсо коомдук сурамжылоодо мүмкүнчүлүк берилбей жатат.



Тектеш кабарлар