Чет элдик террористтер Сирияда атылды

Чет элдик террористтердин Сирияда ЙПГ террор уюмунун катарына кошулгандары алар атылгандан кийин белгилүү болду.

621571
Чет элдик террористтер Сирияда атылды

Америкалык жана немис ЙПГ мүчөлөрү Сирияда атылды.

Түркиянын согуштук учактарынын 26-ноябрда Сириянын Мүнбич шаарында жикчил террор уюму ПККнын бул өлкөдөгү уландысы ЙПГ буталарына карай абадан чабуул уюштуруп, бирөө америкалык, бирөө немис эки ыктыярдуу ЙПГ террористин жок кылды.

Мүнбичтик маалымат булактары Түркиянын согуштук учактары тарабынан абадан жүргүзүлгөн операцияда АКШнын Калифорния штатынан «Рогин Агыри» каймана аттуу Michelle Israel менен Германиянын Билефельд шаарынан келген «Зана Живан» каймана аттуу Anton SJKнын өлгөнүн жарыялады.

Анда америкалык Israelдин июнь айында, немис SJKнын болсо сентябрь айында Сирияга барып террор уюму ЙПГнын катарларына кошулганы айтылды.



Тектеш кабарлар