Түркиянын авиация мекемесине Израиль ыраазычылыгын билдирди

Түрк авиация мекемесинин учактары Израилде өрт өчүрүүгө катышты.

619348
Түркиянын авиация мекемесине Израиль ыраазычылыгын билдирди

Израилдин президенти Реувен Ривлин жана Израилдин премьер-министри Нетаньяху, Иерусалим менен кошо 13 жерде чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан Түрк авиация мекемесинин «Жалын куштары» тобуна ыраазычылыгын билдирди.

Түрк авиация мекемесинин жазуу түрүндөгү жарыясында мекемеге таандык CL-215 үлгүсүндөгү 3 өрт өчүргүч учагынын Израилге жиберилгени белгиленди.

«Жалын куштары» тобунун өчүрүү убагында 46 саат учканы, 246 миң литр суу жана көбүк чачканы белгиленген жарыяда, «CL-215 үлгүсүндөгү өрт өчүргүч учактары бейшемби күнү кечтен баштап Израилдеги өрттү өчүрүүгө аракет кылды. Бул сезондо 417 өрттү өчүрүп рекордго жетишкен «Жалын куштары» өрт өчкөнгө дейре Израилде болот», деген маалымат орун алды.

Түрк авиация мекемесинин төрагасы Күршат Атылган да, жүргүзүлүп жаткан иштердин абдан ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи.

Бул учактардын 6 тонна суу ташуу көлөмү болгонун баса белгилеген Атылган, 10-12 секундда деңиз жана көлдөн суу алып кыска мөөнөттө өрт өчүрүүгө даяр абалга келгенин белгиледи.



Тектеш кабарлар