Орусия Курил аралдарына ракеталарын жайгаштырды

Орусия, Япония менен талаштуу абалдагы Курил аралдарына «Бал» жана «Бастион» үлгүсүндөгү ракета системаларын жайгаштырды.

615741
Орусия Курил аралдарына ракеталарын жайгаштырды

Орусия, Япония менен талаштуу абалдагы Курил аралдарына «Бал» жана «Бастион» үлгүсүндөгү ракета системаларын жайгаштырды.

Орусия тынч океан флотунун расмий берүү органы болгон гезиттерде орун алган кабарга караганда Курил аралдарынан Итурупка «Бастион», Кунаширге «Бал» үлгүсүндөгү жээк коргоо ракеталарын жайгаштырды.

Орус армиясынын инвентарындагы «Бастион» жана «Бал» ракета системалары жээк жана жээк сууларын коргоо максаттуу колдонулууда.

Деңиздеги буталарга каршы таасирдүү жана 600 км аралыкка атуучу «Бастион» системасы 36 ракета учура алат.

«Бал» системасында болсо 120 жана 260 км аралыкка атуучу эки түрдүү ракета бар.

Орусия 1949-жылы Япониянын түндүгүндөгү Курил аралдарын эгемендиги астына алган жана бул жерде жашаган япондорду өлкөдөн чыгарган.

Эки өлкө 2-Дүйнөлүк согуштан кийин Курил аралдарынын кимге таандык экени жөнүндө расмий тынчтык келишимине кол кое алышкан жок.

Япония Орусиянын аралда үстөмдүк кылышын мыйзамсыз деп эсептейт.



Тектеш кабарлар