Орусиянын аскердик учактары

Кузнецов учак кемесинен учкан согуштук учактар Идлиб аркылуу учууларын баштады

610507
Орусиянын аскердик учактары

Орусиянын Адмирал Кузнецов учак кемеси жана коштоосундагы аскердик кемелер Сирия жакындарында согуштук абалга өттү. Кузнецов учак кемесинен учкан согуштук учактар Идлиб аркылуу учууларын баштады. Орусия Халепке карата акыркы кол салууга даярданып жатып орус Тасс кабар агенттиги да Энгельс базасынан уча турган Ту – 90 жана Ту  - 165 стратегиялык бомбалоочу учактарынын кыймылга өтүүгө даяр экендигин жарыялады.

Асад режими да күтүлгөн бул кол салуудан мурда Халептин оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү чыгыш бөлүгүндө жашагандарга смс аркылуу эскертүү жиберди. Оппозициячылдардын шаардан чыгып кетүүлөрү  үчүн 24 саат берилди. Оппозициячылдар кыска убакыт мурда кол салуу баштаган шаарда Асад күчтөрү кээ бир жерлерде оор жоготууга учураган.

Шаарда азыр да 275 миң жаран курчоо астында.



Тектеш кабарлар