Трампка каршы митингдер улантылууда
Трампка каршы митинг өткөрүлгөн Балтимордо болсо полиция эки кишини камоого алды
АКШнын президенти болуп шайланган Трампка каршы митингдер экинчи күнүндө да жалпы өлкөдө улантылды.
АКШнын чыгыш жагындагы Нью – Йорк башта болуу менен Вашингтон, Балтимор жана Филадельфияда, батыш жагында Лос Анжелес, Сан Франциско жана Окленд шаарларында Трампка каршы митингдер өткөрүлдү.
Полиция топтору «Менин президентим эмес» деп жазылган плакаттар менен жүргөн митингчилер чогулган Нью – Йорктогу Трамп Товер жана Трамптын Ак үйдөн бир канча көчө жакынына ачкан мейманкананын тегерегинде коопсуздук чараларын күчтөндүрдү. Трампка каршы университеттин кампустарында да митингдер өткөрүлдү.
Лос Анжелес жана Миннеаполис шаарларында болсо митингчилер авто унаа жолдорун тосушту. Трампка каршы митинг өткөрүлгөн Балтимордо болсо полиция эки кишини камоого алды.