Англияда ПККнын мыкаачылыктары...

Лондонду баш аламан кылган террор уюму ПККны жактоочулар, Түркия жарандарына кол салды.

605325
Англияда ПККнын мыкаачылыктары...

Сот тарабынан бир канча ирет чакырылганына карабастан сотко түшүндүрмө берүүгө келбеген Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) эл өкүлдөрүнүн кармалышы шылтоо кылынып Лондонду баш аламан кылган террор уюму ПККны жактоочулар, 2 Түркия  жаранына кол салды.

Бул окуяга байланыштуу «Анадолу» агенттигинин кабарчысына маалымат берген жабырлануучулардан, окуусун Англияда улантып жаткан Жейлан Нас, жигити менен өзүн сабап кеткен кол салгычтар тууралуу Англия полициясына карылуулары кабыл алынбаганын айтты.

Түркияга каршы плакаттарды көтөрүп ураан чакырган топко Оксфорд метро станциясынан чыкканда туш болгондорун түшүндүргөн Нас: «Тынымсыз акаарат жаадырып жатышкан. Жигитим менен кошо эмне болгонун көрөлү деп жакын бардык. Чөйрөдөгүлөр колдорундагы телефондор менен бир видео көрсөтүп жатты. Биз да видео тарта баштадык. Ошондо кара капшончон бирөө бизге келип видео тартуубузга тоскоол болду»,-деди.

Нас ал митингчиге тоскоол болууга укугу жок экенин айтканын, бирок алар сабап кое тургандарын айтып коркуткандарын билдирди.

Митингчилер Түркияны бутага алган акаараттарды жаадырганын баса белгилеген Нас, бул боюнча митингчилерге сөз менен каршылык көрсөткөндөрүн, ушул боюнча митингчилер кол салганын, англис полициясынын болсо окуяны карап гана турганын айтты.

Жейлан Нас: «Митингчилер жигитимди жакын жердеги бир дүкөнгө сүйрөп барышып, эскалатордун алдына такап алып сабашты. Полиция жөн гана дүкөндүн эшигин жаап алып бизди жарым сааттай ичкериде кармады. Андан кийин арткы эшиктен чыгарып бир таксиге салып жиберишти»,-деди.

Окуя болгондон кийин полицияга кол салуу тууралуу арызданууну каалагандарын түшүндүргөн Нас, полиция аларды карап койбогонун, сабалгандагы тактардын белгилениши үчүн медициналык текшерүүдөн дагы өткөрбөгөндөрүн айтты.

Террор уюму ПККны жактоочулар эки күн мурда да Түркиянын Лондондогу элчилигинин алдында митинг уштурушуп, элчиликке таш жана жумуртка ыргытышкан.

Окуя болгон убакта башына таш тийген бир англис полицисы жеңил жаракат алган.



Тектеш кабарлар