АКШ террористтерди колдоосун токтотушу керек

Мария Захарова, АКШнын террористтер менен кызматташтык кылуу менен пайда табуу аракеттерин токтотушу керектигин айтты.

604154
АКШ террористтерди колдоосун токтотушу керек

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий катчысы Мария Захарова, АКШнын террористтер менен кызматташтык кылуу менен пайда табуу аракеттерин токтотушу керектигин айтты.

Захарова бул темага байланыштуу жарыясында, «Америкалык кесиптештерибиз, террордун үйрөтүлө турганын ойлоп жатышат. Бул мүмкүн эмес. Террор жылан сыяктуу болот. Артка буруларын менен чагат. Аны менен ойнолбойт»,-деди.

Захарова: «Батыштык жана аймактык өлкөлөрдүн Эл Нусрага олуттуу колдоо көрсөткөнүн бардыгыбыз жакшы билебиз. Бирок алар террорист жана алар менен ойногонго болбойт. АКШ өкмөтү Эл Нусраны коргоодо. Вашигтондун мындай түрдөгү кыймылдары менен алгач ирет кездешкен жерибиз жок»,-деди.

 



Тектеш кабарлар