Украинанын Орусияга санкциялары

Украина Орусияга санкцияларын кеңейтти

592215
Украинанын Орусияга санкциялары

Президент Петр Порошенко кол койгон жана интернет барагында орун алган токтомго караганда санкциялар тизмесине Рособоронэкспорт, Ростех, Ижмаш, Уралэлектромаш, Камаз сыяктуу маанилүү орус компаниялары да кошулду.

Ошондой эле жеке адамдарга карай санкциялар тизмесинде орус либерал-демократ партиясынын лидери Владимир Жириновский, Орусиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин жана Крымдын премьер-министри Сергей Аксеновдун ысымы да орун алды.

Юнистрим, Золотая Корона, Колибри, Лидер сыяктуу акча которуу системаларынын Украинадагы иштерин токтоткон чечим аркылуу Аэрофлот, Алмаз-Антей, Касперский сыяктуу компанияларга киргизилген чектөөлөр болсо уланып жатат.



Тектеш кабарлар