Орусия АКШ менен түзгөн келишимин токтотту

Буга себеп катары АКШнын убадасына турбагандыгы көрсөтүлдү.

582298
Орусия АКШ менен түзгөн келишимин токтотту

Орусия, АКШ менен түзүлгөн «Плутонду жок кылуу» келишимин токтотту.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Орусия менен АКШнын ортосундагы плутонду жок кылууга карата келишимдин токтотулушуна байланыштуу токтомго кол койду.

Бул токтомго себеп катары «шарттарда болгон түптүү өзгөрүүлөр жана АКШнын Орусияга душман сыяктуу мамиле кылышынын жыйынтыгында стратегиялык ырааттуулукка каршы түзүлгөн коркунучтар» көрсөтүлдү.

Башка бир себеп катары да «АКШнын плутонду жок кылуу темасындагы убадаларын орундатпагандыгы» көрсөтүлдү.

Эки өлкө 2000-жылдын 29-августында плутон запастарын азайтуу боюнча келишим түзгөн.



Тектеш кабарлар