Сауд Аравияда айлык маяналар азайтылды

Министрлердин маяналарынын 20 пайызга азайтылуусун да камтыган кээ бир экономикалык чаралар көрүлүүдө

578159
Сауд Аравияда айлык маяналар азайтылды

 Сауд Арвияда  глобалдык базарларда  нефть бааларындагы төмөндөөдөн кийин министрлердин маяналарынын 20 пайызга азайтылуусун да камтыган кээ бир экономикалык чаралар көрүлүүдө.

Нефть бааларындагы артка чегинүүдөн улам күйүүчү майда өткөн декабрь айында 80 пайызга чейин баа көтөргөн Сауд Аравия башкаруусу үнөмдөө саясаттарын улантууда. Башкаруу мамлекеттик кызматкерлердин маяланаларынан үнөмдөө жолуна барып төмөндөгөн баалардын бюджеттин жүгүн азайтууга аракет кылууда.

Сауд Аравия расмий кабар агенттиги SPАда орун берилген кабарга караганда королдук тарабынан кээ бир мамлекеттик кызматкерлердин маяналарына түзөтүүлөр киргизилди. Министр жана министрлик деңгээлиндеги мамлекеттик кызматкерлери менен Шура парламентинин мүчөлөрү биринчи даражадан мамлекеттик кызматкерлер менен башка жогорку мартабалуу мамлекеттик кызматкерлердин маянасы, сыйлык жана социалдык укуктарында үнөмдөөлөргө барылды.

Министрлердин маяналарынын 20 пайызы, Шура парламентинин мүчөлөрүнө төлөнгөн сыйлыктардын нарктары менен унаа, үй жана үй буюмдары үчүн берилген жылдык төлөмдөр болсо 15 пайызга азайтылды.

Жогорку мартабалуу мамлекеттик кызматкерлердин жылдык премияларынын болсо 2017 -  жылы төлөнүүсүнө чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар