«Кандай болсо да бул аянттагы кол салуулардан орус башкаруусу жооптуу»

Жардам конвоюн бутага алган абадан кол салуудан Орусия жооптуу

574389
«Кандай болсо да бул аянттагы кол салуулардан орус башкаруусу жооптуу»

АКШ 19 -сентябрда Сириянын Халеп шаарында 20 жарандын каза болушуна себеп болгон, БУУна таандык бир жардам конвоюн бутага алган абадан кол салуудан Орусия жооптуу деп жатат.

БиБиСиге маалымат берген АКШлык бир жетекчи кол салуунун эки орус учагы тарабынан жасалгандыгын айтты. Жетекчилер конвой жолго чыккан учурда эки орус SU– 24 кол салуучу учагынын конвойдун үстүнөн учкандыгын белгиледи жана чабуулдун Сирия армиясы үчүн татаал экендигин айтты. Ак үйдүн катчысы Бен Родес кол салуунун Сирия режими же орус башкаруусу тарабынан жасалгандыгын билдирди.

Родес : «Кандай болсо да бул аянттагы кол салуулардан орус башкаруусу жооптуу»,- деди.

Англис Daily Telegraph гезити болсо жогорку даражадагы коалиция күчү жетекчилеринин Орусиянын Сирияда БУУнун жардам конвойлорунун атылуусунда ролу бар экендигин айтканын жазган.

Гезиттин билдиргенине караганда бул жетекчилер Орусиянын жуманын акырында эл аралык коалиция күчтөрүнүн Дейруз Зордогу кол салуусунда Сирия аскерлеринин өлтүрүлүшүнүн өчүн алуу үчүн Халептеги кол салууга кошулгандыгын айтышууда. Гезитке маалымат берген бир коалиция жетекчиси колдорундагы маалыматтардын Орусиянын бул кол салууга катышкандыгын далилдегендигин айтты.Орусия болсо өздөрүнүн жана Сирия башкаруусунун кол салуу менен байланышынын жок экендигин, окуяга абадан операциялар эмес, кургактыктан атылган октун себеп болгондугун жактап жатат.

Орус коргоо министрлиги кол салуу болгон жерде пайда болгон чуңкурлардын болбошун жана фуралардагы чыгымдын окуяга абадан кол салуунун себеп болбогондугун көрсөткөндүгүн белгиледи.

Коргоо министрлиги жардам конвоюна жасалган кол салуу тууралуу учкучсуз аба унаасы менен тартылган көрүнүштөрдү да жарыялады. Көрүнүштөрдө фуралардын жанында террористтерге таандык куралдуу бир унаанын бар экендигин белгилеген министрликтин катчысы Игорь Конашенков учкучсуз аба унаалары тарткан көрүнүштөрдү иликтешкенде жаңы көрүнүштөрдү табышкандарын белгиледи.

Коргоо министрлиги жардам конвоюна жасалган кол салуу тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлиги да Сириядагы куралдуу козголоңчулардын өлкө тышындагы колдоочуларынын Халепке гуманитардык жардам алып барган конвойго карата кол салуунун жоопкерчилигин Москва менен Дамаскка жүктөө аракеттеринин кыжырдануу жараткандыгын билдирди.

Сирия армиясы тарабынан берилген маалыматта да : «Конвойдун Сирия армиясы тарабынан бутага алынгандыгы тууралуу ойлор толугу менен чындык тышы»,- деп айтылды.

БУУ окуядан кийин бардык жардам конвойлорунун иштерин токтоткон болчу.



Тектеш кабарлар