Сириядагы аскердик баш аламандык

АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зур облусунда Башар Асад режимине таандык бир аскердик базаны атканы билдирилди.

572307
Сириядагы аскердик баш аламандык
bmgksuriye.jpg
centcom.jpg

Орусиянын коргоо министрлиги Америка Кошмо Штаттары баштаган коалициялык күчтөрдүн Сириянын чыгышындагы Дейр эз-Зур облусунда Башар Асад режимине таандык бир аскердик базаны атканын жана 62 режим аскеринин каза болгонун жарыялады.

Коргоо министрлигинин катчысы, генерал лейтенант Игорь Конашенков, Дейр эз-Зур аэропортунун жакын жеринде 4 согуштук учак менен жүргүзүлгөн абадан кол салууда  62 режим аскеринин каза болгонун, 100дөн ашуун аскердин да жараланганын сириялык жооптуу кызматтагылардын маалымат бергенин белгилеп кетти.

Конашенков учактардын өлкөнүн Ирак чек арасы тарабынан келгенин айтты.

Москва аймактагы Сирия бөлүктөрүнүн террор уюму ДЕАШ менен согушканын белгилеп кетти.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында болсо коалициялык күчтөрдүн Дейр эз-Зур шаарынын түштүгүндөгү бутага «ДЕАШ бутасы болгонун божомолдоп» абадан операция уюштурулганы белгиленип, «Сирия армиясына таандык кызматкер жана унаалардын атылып жатканы жөнүндөгү орус жооптуу кызматкерлеринин маалыматтандыруусу боюнча коалициялык күчтөрдүн абадан жүргүзгөн операциялары токтотулду»,делди.

Операция жүргүзүлгөн аймакта андан мурда жетиштүү түрдө байкоо жүргүзүлүп, буталар белгиленгени билдирилген жарыяда, тийиштүү орус жооптуулардын Бириккен аба кыймылы борборунда орун алган коалициялык элементтер тарабынан маалыматтандырылганы да белгиленди.

Сириянын аскердик жактан абдан баш аламан өлкөгө айланганы шилтеме кылынган жарыяда «Коалициялык күчтөр, Сириянын аскердик элементи болгонун белгилеген бутаны билип туруп атпайт» деген сереп салынды.

62 режим аскери каза тапканын айткан Орусиянын талабы боюнча БУУнун коопсуздук кеңеши шашылыш чогулат.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы: «АКШ ачыктоо жасашы керек, муну да Коопсуздук кеңеши чогула электе кылышы керек»,-деди.

Сириянын тышкы иштер министрлиги да Коопсуздук кеңешинин Американын операциясын айыптоого чакырды.

АКШ ушул убакка дейре Сирияда Асад бөлүктөрүн бутага алган эмес. Орусия менен АКШ, Сириядагы ок атпоону сүйлөшүү үчүн жума күнү Коопсуздук кеңешин чогултуп өткөрүүнү пландаган жыйналышты жойгон.

 



Тектеш кабарлар