ЕБнин лидерлер саммити башталды
Дональд Туск: «Биримдик туш болгон кризистин жайылышына уруксат бербешибиз керек»,-деп айтты.
Европа Биримдигинин кезектешкен төрагасы Словакиянын борбор калаасы Братиславада ЕБнин лидерлер саммити өтүп жатат.
Англиянын Биримдиктен чыгуу чечими, бейшемби күнү болгон террордук кол салуулар жана мигранттар кризисинин себебинен ЕБ татаал мезгилден өтүүдө жана келечекке карай пландарын талкуулашууда.
Европа Биримдиги Консейинин төрагасы Дональд Туск Братиславага келгендеги жарыясында, «Биримдик туш болгон кризистин жайылышына уруксат бербешибиз керек»,-деп айтты.
Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд да Братислава саммитинен мурда Парижде жолукту.
Эки лидер ЕБ туш болгон кризистерди ашып өтүү жана кайрадан күчтөнүшү үчүн биргелешкен иш-аракетти белгилөөгө аракет кылышты.
Лидерлер өзгөчө мигранттар кризиси жана террористтик кол салуулар темасында чек ара коопсуздугунун бекемделишинин маанисине токтолду.
ЕБ лидерлери Братислава саммитинен кийин кийинки жылдын башында Мальтада кайрадан чогулушат.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага карата абадан кол салууусу
Кол салууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери 2 палестиналык каза болду.