Аббас менен Нетаньяху Москвада жолугушат

Израиль менен Палестинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү 2014-жылы токтоп калган болчу

567727
Аббас менен Нетаньяху Москвада жолугушат

Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббас менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусиянын борбору Москвада жолугушуу үчүн макул болушту.

Буга байланыштуу билдирүү, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Махмуд Аббас менен Биньямин Нетаньяхунун Москвада жолугушуу үчүн принцип катары макулдашкандарын билдирди.

Интерфакс агенттигинде орун алган маалыматта, жолугушуунун күнү белгиленген жок.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы акыркы тынчтык сүйлөшүүлөрү 2014-жылы ийгиликтүү болбостон аяктаган болчу.

Аббас менен Нетаньяхунун акыркы жолугушуусу болсо 2010-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар