Жакшы жашоо үчүн жол тартуу
Август айында грек аралдарына жеткен баш калкалоочулардын саны 3 миңден ашты.
![Жакшы жашоо үчүн жол тартуу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/92a6/9e80/497c/574ffa8cee3ac.jpg?time=1718891834)
Мыйзамсыз жолдор менен грек аралдарына өтүүгө аракет кылгандардын саны август айында 90 пайыз өсүп 1 миң 670ке жетти.
Түрк жээк коопсуздугу командирлиги, апрель айында мыйзамсыз жолдор менен грек аралдарына барууга аракет кылган 1 миң 717 кишини кармаган.
Жарандык согуш, экономикалык жана саясий белгисиздиктердин себебинен өлкөсүн таштап Европага барууга аракет кылган бозгундардын мыйзамсыз иштери, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда 18-мартта кол коюлган «Артка кайтарып алуу» келишиминен кийин бираз азайса да уланып жатат.
БУУнун Жогорку комиссарлыгынын көрсөткүчтөрүнө караганда, август айында грек аралдарына жеткен баш калкалоочулардын саны 3 миңден ашты.
Тектеш кабарлар
![Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ee48/7e22/90ad/6674097c827d2.jpg?time=1718891835)
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.