Түрк калкынын эрдигине суктандык

Байден, борбор шаар Стокгольмдо премьер-министр Стефан Лөфвен менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

559449
Түрк калкынын эрдигине суктандык

 

Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Жо Байден, Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршы түрк калкынын көрсөткөн эрдигин мактап: «Түрк калкы эч тайманбастан, танка жана учактарга карабастан демократиясын коргоп калды»,-деди.

Түркиядан кийин Швецияга эки күндүк сапар менен барган Байден, борбор шаар Стокгольмдо премьер-министр Стефан Лөфвен менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйналышта Жераблуста ДЕАШка карай «Эвфрат калканы» операциясына да сереп салган Байден: «Түркиянын ДЕАШты Сириядан кууп чыкканга дейре ал жерде калууга даяр болгонун айта аламын»,-деп айтты.

Европа менен Орусиянын ортосундагы Түндүк агымы куур жолунун келишимине да токтолгон Байден, бул келишимдин энергетиканын коопсуздук проекттери жагынан коркунучтары бар экенин жана «Европа үчүн жаман келишим» экендигин айтты.

Швециянын премьер-министри Стефан Лөфвен болсо Түркиядагы төңкөрүш аракетинин кабыл алынгыс болгонун белгилеп,муну катуу айыптагандарын айтты.

Лөфвен Түркиянын Швеция үчүн «күчтүү өнөктөш» болгонун айтты.

 

 



Тектеш кабарлар