Италиядагы жер титирөөнүн кесепети

Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 267ге жетти.

559697
Италиядагы жер титирөөнүн кесепети

Италиянын орто тилкесинде болгон жана орто эсеп менен 20 секундга созулган 6,2 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 267ге жетти.

Жарандык коргонуу уюмунун билдирүүсүнө караганда, жер титирөөдөн 400гө жакын киши да жаракат алды. Бул сандын дагы да көбөйүшү мүмкүн экени санаркатууда.

Издөө-куткаруу иштери түнү бою уланды. Аймакта түнү бою кайталанган жер термелүүлөр да болуп турду.

Өлкөдө аза күтүү жарыяланып, желектер ылдый түшүрүлдү.

Премьер-министр Маттео Ренци да апаат болгон аймакка барып, жабыркагандарга жардам көрсөтөөрүн айтты.



Тектеш кабарлар