Европанын борбор калаасында террор майрамдоосу

ПККны жактоочуларынын бул уюмдун 1984-жылы 15-августтагы алгачкы кандуу кол салуусунун 32 жылдыгын белгилөөгө уруксат берилди.

551791
Европанын борбор калаасында террор майрамдоосу

Бельгия, жикчил террор уюму ПККны жактоочуларынын бул уюмдун 1984-жылы 15-августтагы алгачкы кандуу кол салуусунун 32 жылдыгын белгилөөгө уруксат берди.

Террор уюмун жактоочулары борбор шаар Брюсселдин Спанжеплеин аянтында канкор уюмдун 1984-жылы Сиирттин Эрух, Хаккаринин Шемдинли райондорунда эки аскер  шейит болгон алгачкы кол салуусун шаң-шапат маанайында белгиледи.

Террор уюмун символдогон чүпөрөктөрдүн илинишине уруксат берген шоу көрсөтүүдө, террористтердин корбашчысы Абдуллах Өжаландын эркин кое берилиши талап кылынды.

Полициянын уруксат берилбегенин айтканына карабастан кандайдыр бир бөгөт койбогон шоу көрсөтүүсү 3 саатка созулду.

Бельгиялык жооптуу кызматтагылар, Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) Түркияда 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүүнү талап кылган түрктөргө болсо «аша чаап кете турганы» себеби менен уруксат бербей койгон.

Бельгиянын өкмөт башчысы Чарльз Мишель: «Түркиядагы чыңалуунун Бельгияга ташылышын кабыл ала албайбыз»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар