Түрк калкы египеттиктерди шыктандырат

«Түрк калкынын аскердик кыймылды ийгиликсиз кылуусу шыктандырат. Түрк калкынын каршы турушун куттуктап жана колдойбуз»

535090
Түрк калкы египеттиктерди шыктандырат

Египеттеги Зомбулукту четке кагуу жана мыйзамдуулукту колдоо үчүн улуттук союздаштыктын расмий фейсбук бетинен орун алган маалыматта : «Түрк калкынын аскердик кыймылды ийгиликсиз кылуусу шыктандырат. Түрк калкынын каршы турушун куттуктап жана колдойбуз»,- деп айтылды.

Тунисте Мухаммед Буазизи аттуу бир сатуучунун өзүн өрттөөсү менен башталып, кыска убакытта бардык араб аймагына жайылган жана «араб жазы» деп аталган процессте 2011 -  жылы 25 -  январда Египет көчөлөрүнө чейин жетип, 18 күнгө созулган митингдерден кийин 30 жылдык Хүснү Мүбарек мезгили соңуна чыккан болчу. Мүбарек 2011 -  жылы 11 -  февралда отуз жылга созулган кызматын армияга өткөрүп бергендигин маалымдоого мажбур болгон. Бирок төңкөрүштөн кийин өткөрүлгөн көз карандысыз шайлоодо бийликке келген өлкөнүн биринчи шайланган президенти Мухаммед Мурси бир жылдан кийин 2013 -  жылы 3 -  июлдагы аскердик зомбулук менен кызматынан алыстатылган болчу.



Тектеш кабарлар