Орус реактивдеринин Сириядагы вакуум бомбасынын кесепети

Орус реактивдеринин Сирияда вакуум бомбасы менен кол салуусунда каза болгондордун саны 64 кишиге жетти.

518684
Орус реактивдеринин Сириядагы вакуум бомбасынын кесепети

Орус аскердик  учактарынын Сириянын чыгышындагы Дейруз Зор шаарына караштуу Ел - Курийе районунда бир мечит менен отурукташуу жерине вакуум бомбасы менен кол салуусунда каза болгондордун саны 64 кишиге жетти.

Мындан мурдагы жарыяда каза болгондордун саны 35. жаралуулардын саны 70 деп берилген. Сирияда абадан кол салып жаткан Асад режими менен Орус аба күчтөрүнүн бомбалоолору оңой эле айырмалана алат.

Орус чыгарылышы болгон бирок эски технологиядагы режимдин учактары бомбалоону өтө бийиктен жасай албайт. Жапыз учуп барып бутага жакындап кеңири аянтты аткылайт. Бир чекитке ата албаганы жана колдонулган ок дары көп болгондуктан кыйроо кеңири аянтка жайылат. 



Тектеш кабарлар