Түркия Түндүк Кореяны айыптады
Түндүк Кореяны жоопкерчиликтерин аткарууга чакырды
517190
![Түркия Түндүк Кореяны айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a760/d73f/f93c/56ea5d0af1eca.jpg?time=1718474469)
Түркия Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурушун айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын эл аралык жоопкерчиликтерди бузгандыгы белгиленди.
Бул абалдын аймактык жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукка коркунуч туудуруу мүнөзүндө экендиги сөз кылынды.
Билдирүүдө: «Түндүк Кореяны дагы бир жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдорунун негизинде жоопкерчиликтерин аткарууга жана баллистикалык ракета менен массалык кыргын салуучу куралдарына байланыштуу иш чараларын токтотууга чакырабыз»,-деп айтылды.