Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлиги Австралияга катуу каршылык көрсөттү

Австралия жарандарын эмне деп эскертти эле?

515843
Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлиги Австралияга катуу каршылык көрсөттү

Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлиги, Австралиянын Индонезияга саякат кыла турчу жарандарына зика вирусуна каршы этият болгула деген билдирүүсүнө катуу каршылык көрсөттү.

Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлигинин интернет барагындагы билдирүүдө: «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетуна караганда, зика вирусу катталган 46 өлкөнүн арасында Индонезия жок. Ошондой эле дагы бир отчетко караганда зика вирусу жайылып бараткан 14 өлкөнүн тизмесинде да Индонезия орун алган эмес»,-деп айтылды.

Австралиянын Тышкы иштер жана соода министрлиги кечээки билдирүүсүндө, Индонезияга саякат кыла турчу жарандарына зика вирусуна каршы этият болгула деп эскерткен болчу.

Ошондой эле кош бойлуу аялдардын алгач доктурлары менен кеңешүүлөрү жана мүмкүн болсо саякаттарын кечеңдетүүлөрү туура болот»,- деп айтылган эле.

Жума сайын орто эсеп менен 16 миң австриялык турист барган Индонезиянын Бали аралы, австралиялыктар эң көп саякаттаган жерлердин бири болуп саналат.

Индонезиянын Суматра аралындагы Жамби аймагында, февраль айында вирусту жугузуп алган бир киши гана катталган болчу.

Адамдарга чиркейлерден тышкары, кан жана жыныстык жол аркылуу да жуккандыгы аныкталган зика вирусу, алгач 1947-жылы Уганданын Зика токойлорундагы маймылдарда табылган. Көпкө чейин токтоп турган вирус 2015-жылдын май айында Бразилияда кайрадан кездешти.

Зика вирусу көбүнчө кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 15-июндагы акыркы көрсөткүчүнө караганда, зика вирусу 2007-жылдан 2016-жылга чейин 60 өлкөдө катталды.

 



Тектеш кабарлар