Индонезияда жер көчкү жүрдү

Андан 35 адам каза болду.

514197
Индонезияда жер көчкү жүрдү

Индонезиянын Борбордук Жава аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен жер көчкү жүрүп, андан 35 адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын акыркы отчетуна караганда, окуядан 14 киши жаракат алса, 25 адамды болсо издөө иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү тургундар да кооптуу аймактардан көчүрүлүп жатат, курулган чатырларда саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк жардамы көрсөтүлүүдө.

Индонезиянын улуттук климатология, метеорология жана геофизика агенттиги, жума күнү өлкөнүн жалпысында нөшөрлөп жамгыр жаайт деп эскерткен болчу.



Тектеш кабарлар