Сириядагы жарандык согуш Рамазанда күчөдү

Рамазан айы башталгандан бери режим күчтөрү жана Орусиянын учактары тарабынан оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга кол салуулар болуп 271 жаран каза болду.

511700
Сириядагы жарандык согуш Рамазанда күчөдү
suriye gelişmeler1.jpg

Сириядагы жарандык согушта Рамазан айы башталгандан бери режим күчтөрү жана Орусиянын учактары тарабынан оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга кол салуулар болуп 271 жаран каза болду.

Орус жана Сирия армиясына таандык согуштук учактар менен тик учарлар,  Халебден баштап оппозициячылдардын колундагы отурукташкан жерлерди Рамазан айында да вакуум жана баррель бомбалары менен бомбалоосун токтоткон жок.

Ооруканалар, базарлар менен жарандардын коргонуучу жайлары бутага алынды.

271 жаран каза болду, алардан 17си бала, 14ү аял.

Бир тараптан өлкөнүн Латакия элет жеринде Байырбужак аймагында түркмөндөр менен Асад күчтөрүнүн ортосунда катуу кагылышуу болуп 25 оппозициячыл каза тапты.

Түркия чек арасына алып келинген 7 жарадар Хатайдагы ооруканаларга жаткарылды.

Асад күчтөрү Түркия чек арасына жакын жердеги Испанар айылын басып алды, калган түркмөн айылдары Караман, Ямади, Чүмерен, Келез жана Саллурда да катуу кагылышуулар болуп жатат.

Аймактан көтөрүлгөн кара түтүн Түркия чек арасынан көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар