Экинчи Айлан бөбөк окуясы
Кичинекей баланын жансыз денеси Италиянын түштүк жээктерине жакын жерлерде жума күнү деңизден чыгарылды
![Экинчи Айлан бөбөк окуясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e100/cde7/807c/574d40a27a769.jpg?time=1718613778)
Өткөн жумада Жер Ортолук деңизинде 700 качкындын чөгүп каза болгону болжолдолгон окуялардан кийин Италия менен Ливиянын ортосунда куткаруу иштерин жүргүзгөн Sea-Watch аттуу бир немис жардам мекемеси аянычтуу бир фотографияны жарыялады. Фотографияда бир жашынан кичине болгон бир бөбөктүн деңизден чыгарылган жансыз денеси Мартин аттуу немис куткаруу кызматкеринин колунда.
Бул фотография Sea-Watch тарабынан европалык жетекчилерди качкындар үчүн коопсуз коридорлорду түзүүгө көндүрүү үчүн жарыяланды.
Кичинекей бөбөктүн жансыз денесин колуна алган куткаруу кызматкерине фотография е – почта аркылуу жетти. Кызматкер бөбөктү деңизден көргөндүгүн жана суу үстүндө жаткан бөбөк оюнчак сыяктуу жаткандыгын айтты. Мартин кийинкисин мындайча билдирди : «Баланы колдорунан кармап калдым жана тирүү сыяктуу этияттап колума алдым».
Кичинекей баланын жансыз денеси Италиянын түштүк жээктерине жакын жерлерде жума күнү деңизден чыгарылды. Бейшемби күнү кечинде Ливиянын Сабратха шаарынан деңизге кирген бир кеме оодарылып кеткен. Деңиздеги көрүнүш өткөн жай мезгилинде Түркия жээктеринде болгон окуяны эске салды.
Сентябрь айында Мугланын Бодрум районунан мыйзам тышы жолдор менен Грецияга баруу үчүн эки сааттык аралык менен деңизге чыккан эки башка резина кайык чөгүп, 3 жаштагы Айлан бөбөктүн жээкке чыккан кичинекей денесин көргөндөр көз жашын төккөн.
Тектеш кабарлар
![Израилдин Газага карата кол салуулары](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/21eb/b345/76ed/666fd65e4de3d.jpg?time=1718613779)
Израилдин Газага карата кол салуулары
Газанын ар кайсы жерлерине түнү менен жасалган кол салууларда ондогон палестиналык өлтүрүлдү.