Сириянын Халеб шаарына шашылыш жардам берилиши керек

Халеб шаарынын түндүгүндө күчөгөн ок атышуулардын сеебинен Азез районунун жакын жеринде 165 миң киши тар аянтка кысылып калды.

499824
Сириянын Халеб шаарына шашылыш жардам берилиши керек

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссардыгы Сириянын Халеб шаарынын түндүгүндө күчөгөн ок атышуулардын сеебинен Азез районунун жакын жеринде 165 миң киши тар аянтка кысылып калганын билдирди.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссардыгынын жарыясында кагылышуулардан таасир алган миңдеген кишинин абалга терең кайгырганы белгиленип, жерлеринен ажыраган жарандардын эки жактын атышуусунун астында калганын жана азык-түлүк, суу жана саламаттык сактоо кызматтарынан кем калганын жарыялады.

Анда өзгөчө кырдаалга даяр болушу үчүн түрк жооптууларга да маалымат берилгени белгиленди.

Бул учурда Түркия чек арасынын жакынындагы лагерлердин жооптуусу Ахмед Бекур,  ДЕАШтын Халебге карай кол салууларынан качып «Бабус Селаме» лагеринин чөйрөсүндөгү уранды лагерлерге баш калкалаган адамдардын, шашылыш гуманитардык жардамга муктаждыгы бар экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар