Мурунку хунтанын лидерине 20 жыл абак жазасы
Рейналдо Бенито Бигноне «Кондор» операциясында кылган кылмыштарынан улам соттолду
Аргентинада мурунку хунта лидери Рейналдо Бенито Бигноне 20 жыл абак жазасына тартылды. Рейналдо Бенито Бигноне 1970 -жылдарда Түштүк Америка өлкөлөрүндө Вашингтондун колдоосу менен жүргүзүлгөн «Кондор» операциясында кылган кылмыштарынан улам соттолду.
Борбор шаар Буэнос Айрестеги доо үч жылга созулду. Сотто 88 жаштагы Бигноне менен бирге 17 мурунку аскердик жооптуу да жазага тартылды.
Аргентинанын акыркы хунта лидери Бигноне 1982 – жылдан 1983 -жылга чейин өлкөнү башкарып турган.
1976 -1983 -жылдардын ортосунда Аргентинада өкмөт тарабынан «Кирдүү согуш» деп аталган диктаторлук мезгилинде карама – каршы көз караштагы 13 миң киши дайынсыз жок болгон же өлтүрүлгөндүгү болжолдолууда. Адам укуктары уюмдары болсо бул сандын 30 миңден ашуун экендигин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.