Японияда G7 Саммити башталды

Япониянын Пекинге каршы кызматташтык кылуу үчүн катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери менен пикир алмашуусу күтүлүүдө.

497942
Японияда G7 Саммити башталды

Өнөр жайы өнүккөн 7 өлкөнүн лидерлерин жолугуштурган G7 Саммити, Япониянын Кашикожима аралында башталды.

Мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин саммиттин ачылыш жыйналышы өтө турган Ise-Shima аймагындагы тарыхый Синто ибадатканасына жеткенде Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ тосуп алды.

Абэ андан соң Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Англиянын премьер-министри Дэвид Кемэрон, Италиянын премьер-министри Маттео Рензи жана Канаданын премьер-министри Жастин Турудо менен үй-бүлө фотосүрөтүнө түштү.

G7 жыйналыштарына Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер да катышууда.

42-жолу өтө турган жана эки күн улана турган саммиттин эң маанилүү күн тартип беренеси болсо глобалдык экономикада туруктуу өсүү, террор менен күрөшүү жана Европаны бушайман кылган баш калкалоочу кризиси...

Түндүк Кореянын атомдук программасы, Кытайдын Чыгыш жана Түштүк Кытай деңизинде эгемендигин куруу айтымдары, Жакынкы Чыгыштагы абалдар, баш калкалоочу кризиси, террор менен күрөшүү, Орусиянын Украинадагы иш-чаралары да жыйналышта сүйлөшүлө турган эң маанилүү тышкы саясат темалары катары көңүл бурууда.

Япониянын Пекинге каршы кызматташтык кылуу үчүн катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери менен пикир алмашуусу күтүлүүдө.

Саммитке G7ге  мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен экономика адистери менен катар Европа Биримдигинен да өкүлдөр катышууда.

Шри Ланканын президенти жана Вьетнамдын премьер-министри да саммитке чакырылды.

Япониядагы саммит АКШнын президенти Барак Обаманын акыркы, Канаданын премьер-министр Жастин Турудонун алгачкы G7 саммити болот.

1970-жылдардагы экономикалык кризис менен күрөшүү максатында түзүлгөн топ, Япония жана Канаданын да катышуусу менен G7 же Жетилик топ деп да аталат. 

Бул топ, 1998-жылы Орусиянын да кошулуусу менен G8 деп аталган, бирок Москва бийлигинин Кырымды аннекция кылуусунан кийинки санкциясы менен 2014-жылы Орусиянын мүчөлүгү токтоду.

G7, Япония, АКШ,Германия, Франция, Италия, Англия жана Канададан турат. Бул топто Европа Биримдиги да өкүлдүк кылынууда.



Тектеш кабарлар