НАТО Түркияны террор менен күрөшүүдө колдойт

Столтенберг, Сириядагы террордук жайлардан Килиске атылган ракета окторуна байланыштуу жазуу түрүндө жарыя жасады.

487707
НАТО Түркияны террор менен күрөшүүдө колдойт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Сириядагы ДЕАШ жайгашкан жерлерден Килиске карай кол салуулар болуп жатканына көңүл буруп, шериктештер колдошууда болгон Түркиянын коопсуздугун арттырууга карай чара көрүүлөрүн уланта турганын айтты.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг, Сириядагы террордук жайлардан Килиске атылган ракета окторуна байланыштуу жазуу түрүндө жарыя жасады.

Килисте абал начарлап баратканынан кооптонгонун белгилеген Столтенберг, кол салуулардын Түркиянын коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткенин белгиледи.

Столтенберг Килисте түрк жарандарынын өмүрү кыйылып жатышы терең капага салганын да сөз кылып, түрк адамдарын жана каза болгондордун жакындарын кайраттуу болууга чакырды.

НАТОнун Түркия менен колдошууда экенине көңүл бурган Столтенберг, НАТОнун шериктештеринин Түркиянын коопсуздугун арттырууга карай чараларды көргөнүн жана керек болгон учурда муну жасоосун уланта турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар