Башар Асад террордук уюм ДЕАШ менен кызматташкан

Бул кызматташуудан Асаддын эң башкы шериктеши Орусиянын да кабары болгону айтылууда.

484187
Башар Асад террордук уюм ДЕАШ менен кызматташкан

Сирияда Башар Асад режими менен террор уюму ДЕАШтын ортосундагы кызматташууну ортого салган документтер табылды.

Аты аталган кызматташуудан Асаддын эң башкы шериктеши Орусиянын да кабары болгону айтылууда.

Англиянын Медиа мекемеси SKY Newsтун Түркиядагы кабарчысы Стюарт Рамсейдин ДЕАШтан бөлүнгөн террористтерден алган документтерде, Асад режими менен уюмдун ортосундагы кызматташуу жана жашыруун келишим белгилүү болуп турат.

ДЕАШтын террористтерин жана учак аткыч, оор замбирек батареялары сыяктуу оор куралдарды коопсуз түрдө Ракка шаарына өткөрүүсүнө орун берген документтер менен белгилүү болгон жашыруун келишимдин, Сирия армиясынын март айынын акырында Пальмираны колго алышынан мурда түзүлгөндүгүнө көңүл бурду.

Документтерде ДЕАШтын Асад режиминен айыл чарба продукцияларына мунай зат алмашканы, айрым жерлердеги күчтөрүн азайтып ал аймактардын режим тарабынан көзөмөлгө алынышын жеңилдеткени орун алган.

Асад режиминин 2012-жылдан бери Сириянын территориясынын жарымын басып алган радикал топтор менен кызматташып келе жатканын көрсөткөн документтерде, ДЕАШтын Тедмурдан чыгып ал аймактын Асад режимине кайтарылып берилиши эң так мисалдардан бири катары алдыңкы планга чыгууда.

Батыштык өлкөлөрдө болгон кыймыл жана кол салуулар туурасында маалыматтарды да камтыган документтерде, ДЕАШтын чет элдик террористтерди батыштык өлкөлөрдө теракттарды кылыш үчүн машыктарганы баяндалган.

Америка Кошмо Штаттарынын Европада уктаган бөлүкчөлөрү катары мүнөздөгөн террор уяларынын көбөйүп кетишинен кооптонгону белгиленген документтерде, ал жакта бар экени белгилүү болсо да ал террористтердин Париж жана Брюссель кол салууларынан кийин жаңы кол салууларды пландап жаткандарына карабастан коопсуздук күчтөрү тарабынан кармала албашы, алардын ийгилигин көрсөтүп турганын ортого салган.

SKY Newsке караганда бул документтердин булагынын, Ракка шаарында Эркин Сирия армиясынын катарында согушкан, бирок ДЕАШтын аймакты басып алышынан кийин өздөрүнүн активдүүлүгүн жоготуп, Түркия чек арасына жакын жерлерге сүрүлүп чыккан кишилерден турганын белгилеген.

 



Тектеш кабарлар