Кытайдын Марс боюнча иш-чаралары...

Кытай 2020-жылы Марстын бетине ровер кондурууну пландоодо

478601
Кытайдын Марс боюнча иш-чаралары...

Кытай 2020-жылы Марстын бетине ровер кондурууну пландаганын жарыялады.

Бул долбоор, космостук кемени Марстын орбитасына учуруп андан соң этияттык менен анын бетине кондурууну камтууда.

Ушул космостук кемеден чыга турган ровер аппараты мындан мурда curiosity, opportunity жана spirit аттуу роверлердин кылганы сыяктуу планетанын бетинде изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Кытай буга чейин ушуга окшогон кызматты Айдын бетинде ийгиликтүү ишке ашырган болчу.

Кытайдын Улуттук космостук агенттигинин төрагасы Сюй Дачжу, бул долбоордун жарандык өнөр жай жана башка көптөгөн тармакта колдонуучу жер болоорун билдирди.

Марска баруу учурда көптөгөн агенттиктин көздөгөн максаты.

Американын космостук агенттиги НАСА адамдарды космоско жана андан соң күн системасындагы планетага жөнөтүү үчүн абдан аракет кылууда.  

 



Тектеш кабарлар