Сирияда орус согуштук учактарынын абадан операциялары уланып жатат
Орус согуштук учактарынын абадан операцияларында 10 киши көз жумду.
Сирияда орус согуштук учактарынын Халеб шаарынын борборуна жүргүзгөн абадан операцияларында 10 киши көз жумду.
Жарандык коргонуу кызматкерлеринен Ибрахим Эбу Лейс, Халебдин ар башка жерлерин бутага алган бомбалоодон 25 кишинин да жаракат алганын айтты.
Башар Асад режими да Латакиянын элет жериндеги Түркмөн тоосун бомалап жатат.
Жергиликтүү маалымат булактарынын айтымына караганда, режимге таандык аскердик бөлүктөр оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү айылдарга миномет, ракета жана танкалар менен кол сала баштады.
Аймактагы жарылуунун үндөрү Түркиянын Хатай областындагы Йайладаг районунда да угулуп жатат.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.